Социалдык түйүндөрдө отуруп алып, оозуна келгенди оттой бергендердин саны аз болбой калды. Өзгөчө улуттар аралык жаңжал чыгаруу, элдин биримдигине доо кетирүү аракетин жасагандардын болуп атканы көңүл оорутат.
16-январда «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан «Дача-Суу» айылына «Боинг-747» учагы кулап, 40ка чукул мекендештерибиздин өмүрүн алып кетти. Ата-энесин жоготуп балдар жетим калды, айрымдары балдарын жоготуп сыздап турат. Ушинтип мекендештерибиз кан жутуп турса, Таттыгүл Дооталиева аттуу социалдык түйүндүн бир колдонуучусу элди түндүк-түштүккө бөлгөн пикирин өз баракчасына жарыялаган экен. Анын жазган постунун кыскача мазмуну мындай: «Адегенде менин да боорум ооруган. Кийин чала болот дедим, алар өздөрүнүн түштүгүнө кетишсин. Самолёт эми Чүйдө кулап, ал жерде да оштуктар соккуга кабылды. Москвада кыздар күйүп кетишти, алар да түштүктүктөр. Табият өзү ушинтип улутту тазалап жатат» дегендей маанай да жазылган.
Муну менен ал ансыз да тоодой кайгыга баштары малынып, зарлап турган мекендештерибизди кордоп жатканын кыязы түшүнгөн жок окшойт. Же акыл- эси жайында эмес болушу мүмкүн деп ойломокпуз. Антейин десең ал борбор калаабыздагы Медициналык академиянын кызматкери экен. Демек, акыл- эси жайында эле болушу керек эле. Аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Абибилла Пазыловдун айтымында аны ректор өзүнө чакырып, түшүндүрмө алыптыр. Дооталиева болсо ыйлап жаткан имиш. Кыязы ыйлап кутулуп кетейин деп жатса керек.
УКМК бул айымдын жазгандары боюнча териштирүү жүргүзөөрүн маалымдаган. Анын жазган пикириндеги аймактар аралык жана улуттар аралык кастыкты козутуу мүнөзүн аныктоо атайын экспертизада такталат. Бул абдан туура кадам. Болбосо, оозуна алы жетпегендер социалдык түйүндөр аркылуу элди бөлүп-жарып, уюткулуу элибиздин ырыскысын качырып жатышат.
Жекшенбек Абдысатаров