Домой Саясат «Социал-демократтар» партиясынын 4 талапкери депутаттыкка ат салышпайт

«Социал-демократтар» партиясынын 4 талапкери депутаттыкка ат салышпайт

46

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 29-сентябрдагы жыйынында «Социал-демократтар» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлеринин тизмесинен 4 адамды чыгарды.

Алар:

Талиева Камилла Абдуразаковна;

Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевич;

Самиева Машхура Шавкатовна;

Заитов Мамир Моминжанович.

Мындай чечим «Социал-демократтар» саясий партиясынын 28-сентябрдагы кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.

Камилла Талиева партиянын тизмесинде №13, Бахадир Маматбуваев №34, Машхура Самиева №41, Мамир Заитов №47 орунда болчу.