Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев эки айга камалды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта: ал УКМКнын тергөө абагында 17-январга чейин кармала турганы айтылат.
УКМК 19-ноябрда расмий маалымат таратып, «Соцфонддун кызмат адамдарынын тобу материалдык жана башка артыкчылыктарга мыйзамсыз ээ болуу максатында мекеменин аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан системалуу түрдө мажбурлап акча чогултуп турушкан» деп билдирген.
Атайын кызмат сотко чейинки териштирүү жүргүзүп, Ирсалиевдин акча талап кылууга катышы тууралуу төгүндөлгүс маалыматы бар экенин жарыялаган.