Бюджет жана финансы боюнча параменттик комитет лотерея оюнуна тыюу салуу боюнча даярдалган мыйзамды четке какты. Мыйзамды депутат Төрөбай Зулпукаров даярдаган. Ал адегенде жалпы эле лотерея оюндарына тыюу салыш керек деп, кийин мамлекеттик лотереяга уруксат бериш керек деген. Депутаттын билдирүүсүндө шуулдаган бизнесмендер алеки саатта ойнолчу лотереядан көп пайда табат жана аны тиешелүү органдар көзөмөлдөй албайт, кийинки эле мезгилде лотерея ойнотууга 40тай лицензия алынган дейт. Депутат Казакбаев: «Азербейжанда 6 лотерея, Арменияда — 1, Белорусияда -30, Россияда — 6 лотерея оюну ойнотулат жана алардын баары мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө. Түркияда лотерея оюндарын мамлекет да, жеке адамдар да ойнотот. Биз жеке ишкерлердин лотерея ойнотушуна тыюу салсак бюджет кандай чыгымга учурарын изилдешибиз керек”, — дейт.