Элдик байлыктын каймагын шыпырып жеп кеткен шылуундардын аты, жөнүнө чейин билип калганбыз. Маселен, Аскар Акаевдин убагында Бирштейн деген көз боегуч жөөт чыга калып кыргыздын алтынын учакка салып мойсоп койгон. Албетте, жалгыз жеген жок, жандоочтору менен биргеликте какабай туруп ашап салды. Ошол тонналаган алтыны анын жото-жетесине чейин жетсе керек. Акыйкатта “Кумтөр аферасы ошол тунгуч ажонун учурунда башталып, азыркыга чейин бүтө элек. Бүгүнкү күндө 40 тай сугалакетар Кумтөрдүн “упчусун” соруп оокатын кылып жүрөт. Т. Чыңгышев, А. Муралиев сыяктуу лөктөрдөн кесип алса кан чыкпайт.
Экинчи президент Курманбек Бакиевдин башкаруусунда деле “жегич элементтерден” кутулбай, тескерисинче дарбып кетишти. Максимдин айланасына чогулган Белоконь, Березовский, Елисеев, Гурьевичтердин таландысында калган кыргыздарды жүз берген төңкөрүш кутултту. Болбосо суубуздан, электр энергиябыздан, кен байлыктарыбыздан куру жалак калмак экенбиз. Ошондо да миллиондогон долларды өлкөдөн чыгарып кетишип элдин ырыскысына эмдигиче жыргап келатышат. Тимеле кыйратып, ойротуп жибергенсип тойлорун өзгөчөлөнтө өткөрүп, ышкырып, бышкырып жыргал салган кездери. Алардын мышыгын “пыш” дегенге жарабаган бийликтин мыкчыгерлери таштап кеткен көмүскө схемаларын сары майдай сактап, өркүндөтүү менен алек. Эшмат кетсе кезек Ташматтыкы деген эле кеп. Же андай эмеспи?
Убактылуу өкмөттүн чеңгелинде калган калктын бактысы ачылып кетпеди. Тымызын “чертилген легенда” күүлөрдүн добушу башкача чыгып, жаңы “келемиштерге” кезмет келди. Кайсар, Утемуратов, Бажаев дегендердин акчасы ойноп далай майлуу жерлерди ошолорго байлап бердик. Азыр деле эпчилдердин жетегинде экенибизди алаканга салгандай баамдап турабыз. Жутайын, бузайын, жайлайын дегендер жеңин түрүнө астыртан акмалап, саресеп салганы айдан ачык көрүнүүдө. Тилекке каршы өкмөттүн “тойбостору” ылайыгын таап тигилерге чыйыр салууга куштар. Булардан сырткары кытайлардын табити биздин тоолорубузду, байлыктарыбызды көргөн сайын эселеп ачылууда. Жолду деле, белди дагын ээлеп алууга көзүн кызарткандардын саны жүз миңден ашып кеткени жай турмуштагы элдин омурткасын сыздатууда. Булар аз келгенсип арабдар да кастарын тигип мечит салымыш болуп арабызга сиңип кетип баратканы кооптондурбай койбойт. Эмнеси болсо да жейин деген эле шылуундар касиеттүү жергебизге кастарын артып турушканы жакшы жышаан эместир?
Жагдай мурдагыдан ыңгайлуу…
Учурдагы бийликтин “куурчак” оюндары ар кандай нукта жайылтылып жатат. Улуттук коопсуздук комитети тарабынан таралган маалыматтардын көбүнө ишеним кетти. Маселен, Өмүрбек Бабанов аэропортко келди дегиче колуна кишен салынып абийинин жанынан орун алат деген “сигнал” карандай калп болуп чыкты. Бабанов келмек түгүл каалаган убагында Москвага учуп, кайра келип тойлоп эле жүрөт эч кимди тоотпой. Көңүлүнө төп келсе орусча ырдап коет тойлордо “публиканы” козгоп. Ал эми суракка болсо барганы менен ошол жердин лөктөрү менен кофе ичип, алардын ашказанын ысытып кайра эле чарчагандай түр көрсөтүп чыгып келгени кызыктай суроолорду жаратууда. Кимдин “диңгилдиң” черткен “комузу” болсо ошонун эле доораны сүрө берет турбайбы деген аныктамага чекит коюлду. Айтор, табышмактын жандырмагын кыйын чечмелегендер деле жайына келтирүүгө таасири жетпей калды десек неге болбосун?
Күз келгенде же болбосо кырдаал бираз өзгөрүүгө туш болгон сайын дагы бир качып жүргөн “арстан” кыймылдай баштайт. И‑ии билдиңерби, сөз ким жөнүндө болуп жатканын. Ошол Мелис Мырзакматовдун “коңгуроо каккычы” дагы кырылдай, бырылдай баштады. Анткени бир кезде ылымсанатып койгон “кумири” Өмүрбек Текебаев кайрадан бул эргулдун бүйүрүн кызытып койду. Эгерде жакын ишенген кожосу акталып кетсе Мекең зыпылдап учуп келер бекен? Сөздүн ток этер жерин айтканда эгерде суу жүрөктүгүн койуп өлкөгө учуп келсе ага деле “кол” салынбастыр? Себеби, кырдаалдын буроолору солкулдап турат. Шайлоо алдында опураң, топураңдын бийликке кереги жок да. Ансыз деле камакта азыр кылкылдагандардан орун жок. Болгону Бабанов сыяктуу Манас аэропортуна колдоочуларды арбын топтоого аракет жасалышы кажет. Кан кудасы Гаипкулов сараңдык кылбай шатырата жашылбайларын сапырып жиберсе Мелис шоп этип Кыргызстанга кол чаптырып кирип келет. Болгону “серыйларга” ишаарат берип коюш жетиштүү. Ошентсе да маселе Мырзакматовдун өзүндө жатат. Чыныгы “кара дөө” болсо оттон, суудан, мокок балтадан коркпой келиши керек. Антпесе “чийден чыккан” кыздын ролундагыдай чет жерде үргүлөп, куса болуп жүрө берет.
Булак: Ачык сөз