Бишкекте Ольга Куксина деген шылуун катын кармалды. Ал бир жыл мурун “АиК” компаниясынын бухгалтеримин, бизге акча салгыла, ай сайын беш пайыздан дивиденд алып турасың деп бир адамды алдап 53 миң долларын алган да ишкананын деректиринин орун басары кол койгон бланк менен келишимге кол коюшкан. Ошол бойдон куйрук түйүптүр да.