Домой Саясат Шыкмаматов: Баш мыйзамдын долбоорунда демократияга сокку ура турган жерлери бар экен

Шыкмаматов: Баш мыйзамдын долбоорунда демократияга сокку ура турган жерлери бар экен

123

Парламенттин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда демократияга жана сөз эркиндигине сокку ура турган жерлери бар деп эсептейт. Мындай пикирин экс-депутат «Азаттык» радиосуна айтып берген:

-Конституциялык реформаны жасабаса болбойт. Бул тарыхый талап, мезгил талабы. Бирок конституциялык реформаны эл аралык стандарттар менен, Конституциялык палатанын корутундусун алып туруп, мыйзамдарга ылайыкташтырып, шашпай, 6-7 айда жасасак болмок. Бул чийгилеп туруп кабыл ала турган документ эмес. Көп жеринде бири-бирине каршы келген, демократияга, сөз эркиндигине сокку ура турган, кадр саясатын Элдик курултайга берип койсо башаламандыкка алып келе турган механизмдер бар экен. Айтор бул долбоорду Жогорку Кеңеш тез арада чакыртып алыш керек. Азыр баарыбыз ынтымакта президенттик шайлоону өткөрүп алышыбыз зарыл.