Анын айтымында, өзгөчө кырдаал жарыялоонун зарылчылыгы барбы же жокпу — сунушту эпидемиолог адистер берет. Чечимди оорунун жайылуу ылдамдыгына жараша өкмөт кабыл алат:
«Анчалыкка жетпейбиз деп ойлойм. Эгер тез жайыла турган болсо, албетте, ойлонуштурабыз. Бирок анчалыкка жетпейт го дейм. Буга азырынча олуттуу негиз да жок».
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Булак: Азаттык