Домой Коом Шлагбаумда аялды барымтага алган эркекти кармаган милиция кызматкери каза болду

Шлагбаумда аялды барымтага алган эркекти кармаган милиция кызматкери каза болду

141

Мындан бир нече күн мурда борбор калаада аялын барымтага алган кишини кармаган милиционер Эркин Жаанбаев каза болду. Маалыматты Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, милиционер эки-үч күн мурда ооруканага түшүп дарыланып жаткан. Азырынча ал эмнеден көз жумганы айтыла элек. Шаардык милиция учурда медицина кызматкерлеринен так маалыматты алып жатканын билдирди.

Булак: Sputnik