Домой Саясат Шерниязов Исаковду шердентип койду

Шерниязов Исаковду шердентип койду

103
Садык Шернияз Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Исаковго парламент жыйынында бул кызматка келип жатканы үчүн көңүл айтып, «ОшМУда жасаган иштериңиз үчүн КРнын баатыры наамына татыктуусуз деп тартынбай айтат элем» — деди.

Депутат мындан тышкары, министрге латын алфавитине өтүү маселеси боюнча «абайлаңыз» деп эскертти. Албетте, Исаков кайдан эле баатырлыкка батылынан татыктуу боло калсын, ал үчүн дагы чоң иштерди жасашы кажет. Шерниязов бул жерде аны жөн гана шердентип койду. Ошентсе да, жаңы министр жетине албай кубанып калды.