«Учкун» мамлекеттик ишканасын Даир Кенекеев жетектеп баштагандан бери бардак. Башкасын айтпаганда дагы, жөнөкөй эле аттестат, дипломду оңдуу чыгара албай, ката басып, чыгым кылып эле отурат.
Мына былтыр 5 миңден ашык диплом ката экен. Эми диплом ээлери ишке орношо албашы мүмкүн. Башкача айтканда, дипломду тастыктаган эң негизги мамлекеттик гербден оркойгон ката кеткен. Гербдеги Ысык-Көлдү чагылдырган толкун жок. Арты бош көк эле түс берилген. Мамлекеттик символ болгон атрибуттарды эч ким өзгөрткөнгө укугу, акысы жок.
Ал эми шалаакы Даир Кенекеев баарын айрандаткан. Эми жараксыз дипломдорду кайра басууга туура келет. Бул чыгым.
Буга дейре дагы миңдеген аттестатты ката басышып, чоң чуу чыккан. Анан ошол кездеги билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева экөө уялбастан бир-эки ката эч нерсе болбойт дегенди айтышып, мугалимдер аттестаттагы катаны кырып оңдоп чыгышкан. Ошол жоруктары сабак болбоптур.
Сыягы, жоопкерчилик тартпаган соң, эч нерсе болбойт экен деп Кенекеев көнгөн шалаакы, кайдыгер, жоопкерчиликсиз көнгөн адатын кайталап жатат. Деги, жөнөкөй ишти дагы оңдуу жасай албаган, мажүрөө Кенекеевди эмне эркелетип кармап отурушат. Дагы канчалаган окуучу, студенттердин убалына калашы керек?