Домой Саясат Шаки курултайда башкалар А десе, Б деп…

Шаки курултайда башкалар А десе, Б деп…

64

“Кыргызстандын” курултайы элдин эсинде эки-үч нерсеси менен кала турган болду. Биринчиси партиянын саясый кеӊешине Кеӊешбек Дүйшөбаев өӊдүү “коррупционердин”  кириши, экинчиси Дастан Жумабековдун 2017-жылдан бери Кыргызстан дүркүрөп өсүп жатканын  жар салганы болсо, үчүнчүсү курултайга кечигип келген  атактуу алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун сахнага чыгып алып, бир башкача  сүйлөп олтургандардын оозун ачырып, күлкүгө салышы болду.

Ал курултайдын күн тартибинде каралган маселени кайра козгоп, козгогондо да, ичип алган кишидей кеп урганы келечекти ойлогон эл үчүн кейиштүү эле болуп калды. Деги Шаки дегениӊер ошол курултайга ала-гүү абалда келген жок беле?

Же табиятынан эле ошондой кепке кемтик, сөзгө сөлтүк  жагы бар беле… Айтор көпчүлүк түк түшүнбөй койду.

Булак: Багыт