Домой Саясат Шайназаров шалпылдабачы…

Шайназаров шалпылдабачы…

44

Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров:”Кээ бир саясатчылар, эксперттер «соттук реформа ишке ашпады, максатына жетпеди» – деп туруп, мамлекет башчыга да баа ‘бере турган бейбаштыкка күбө болуп жатам.

Ошондуктан урматтуу укук коргоо органдарынын жетекчилери, урматтуу мамлекеттик тийиштүү органдар, силер да «качан президент жооп берет экен» же «Стамалиева айым оюн билдирет экен» деп күтпөй, мүмкүнчүлүк бар, баарыңардын кол астыңарда армия бар. Ошол багытта дагы жумуштарды алып
барсаңар деп суранат элем” – деп чагымчылдык өңүттө кошомат айтты. Сөз төркүнүн аңдаган кишиге сын айткандарды ооздуктап, жазалагыла деген арам максат кашкайып көрүнүп турат. Төрөбаев экөөңөр кошомат кылсаңар сөз эркиндигине ор казбай жагадана бергиле.

Булак: Фабула