“Агындылары” менен адабият дүйнөсүндөгү опол тоодой ордун бекемдеген Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Эки дөөнүн күрөшү” деп аталган китеби экинчи жолу жарык көрдү. Чыгарма 2011-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, эмгек “Манас” эпосундагы “Көкөтөйдүн ашы” бөлүмүнө жаңы вариант болуп саналат. “Эки дөөнүн күрөшү” көптөгөн окурмандардын суроосу менен кайрадан иштелип, кошумчаланып, Бишкектин “Турар” басмасынан 1000 нуска менен чыкты.