Домой Саясат Шайлоо+акча=мандат

Шайлоо+акча=мандат

69

Ошентип шайлоонун жыты каңылжаарга жетип, капчыктуулардын сезимин кытыгылай баштады. Акчаны бурап жүргөндөр болсо ак үйдөгү эрлерге-шерлерге  жетүүнүн, кызуу кептешүүнүн,макулдашуунун  өңүтүндө жоортуул жасоого куштар. Анткени кайсыл шайлоо болбосун “багыттоочу” күчкө ээ болгон кыйындар пайда болот.

Кезинде партиялардын көпчүлүк тизмесин Атамбаев өзү, шопуру түзүптүр деген каңшаар кеп жайылган. Эми мунун аки-чүкүсүн айтпасак деле түшүнүктүү дечи. Партиялык “жашоого” ыктагандан кийин ошнун багытын күчөтүүнү, жакшылап от алдырууну көздөп калышат экен эрендер. Буга ынанбоого аргабыз калбады. Бүгүнкү күндө болсо кайрадан шайлоонун азгырык чыйырына түшүп, ак үйдөгү кубаты зор лөктөргө  жетүүнүн амалдары жүрүп жатат. Парламенттеги “төрөлөргө” кылгыра карап, эптеп кездешүүнү, маселе чечүүнү көздөгөн капчыктуулар жүздөп саналат. Өзүнө ыңгайлуу “талапкерлерге” ачылып,чачылганы менен  тигилер жакпагандарды акырын “картасын” ачпастан суз түрдө узатып койгону тууралуу “ыссык” кептер бурчтарда айтылып калганы бекерден эмес. Костюмду желбегей жамынган Канат Исаевдин да акыркы мезгилде жылдызы жанды. Ал тургай анын тизмеси толуп калганы боюнча да кычкыл кептер токулууда. Жакында партиянын сьезддин өткөрөрү жаатында  кабарлар желдей тарады. Чамасы мындан ары карай Шакинин жан-жөөкөрлөрү  көк ташка отуруп калышабы деген кооптонуу бар. Камчы колго тийгенде ызгыта чаап жиберүүгө даяр тургандар четтен чыгат. Анткени доско кандай мамиле болорун өйдө жактагылар  куп кана кыраатына келтирип салышпадыбы. Демек, Исаев менен Шакинин ымаласы бузулду десе болчудай. Мен өзгөчө “статуска” ээмин деген Өмүрбек Бабанов деле учурда Канаттын кабак-кашына карап калды. Айтор, шайлоонун деми менен мандат алам дегендер ар кайсы эрдин эшигин сагаалап жүргөн кези.

Жемимди жедирбейм, алдыдагы табагымды тарттырбайм, дале болсо бир койчолук алым бар деп өзүн санагандар  кабелтең кудалардын, “серый кардиналдардын”  тилин таап упчусун сордурууга бүткүл мүмкүнчүлүгүн чегерүүдө. Андан кандай майнап чыкканын шайлоодон кийин билебиз Ал күндөр деле келип калат,анчалык зарыктырбайт.

Булак: “Ачык сөз”