Домой Коом Шайлоо: 29-декабрь каттоону алмаштыруунун акыркы күнү

Шайлоо: 29-декабрь каттоону алмаштыруунун акыркы күнү

96

29-декабрь — катталган аймагынан башка жакта жашаган жарандар президенттик шайлоодо жана референдумда добуш бериш үчүн каттоосун алмаштыруунун акыркы күнү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын  расмий сайтына жарыяланды.

Боршайкомдун буга чейин тараткан маалыматына ылайык, жаңы үлгүдөгү ID карта паспорту барлар Калкты тейлөө борборлоруна барса, адистер тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип берет. Ал эми эски үлгүдөгү ID карта болсо, аны жаңылаш керек болот.

Буга чейинки шайлоолордо каттоосу башка аймактагы жарандар №2 форма деген документ аркылуу башка жерден добуш берип келишкен.