Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандары үчүн 11 шайлоо участкасы бекитилди. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү КРдин элчилиги билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Россиядагы мекендештер ошол жактагы шайлоо кеңселеринен добуш бере алат.
Алгачкы эки шайлоо участогу (№ 9001 жана № 9005) КРдин Москва шаарындагы элчилигинде жайгашкан;
- № 9002 — элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинде;
- № 9003 — элчиликтин Красноярск шаарындагы кеңсесинде;
- № 9004 — элчиликтин Владивосток шаарындагы кеңсесинде;
- № 9006 — элчиликтин Якутск шаарындагы кеңсесинде;
- № 9007 — элчиликтин Иркутск шаарындагы кеңсесинде;
- № 9009 — Екатеринбург шаарындагы башкы консулдукта;.
- № 9010 — Новосибирск шаарындагы башкы консулдукта;
- № 9013 — элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсесинде;
- № 9014 — элчиликтин Сургут шаарындагы кеңсесинде.