Домой Шайлоо 2020 Шайлоо — 2020: “Республика” №14: “Шайланган парламентке жараша мамлекет алдыга же артка...

Шайлоо — 2020: “Республика” №14: “Шайланган парламентке жараша мамлекет алдыга же артка жылат!”

110

“Депутат болом деген адам өзү таза болуусу зарыл. Өлкөнүн келечеги жаңы  шайланып  келе турган  эл өкүлдөрүнөн көз каранды болот. Ошол себептен, “Республика” партиясы бийликке умтулуп жаткан  коррупционерлер менен криминалга каршы күрөш жүргүзүүнү  демилгеледи”.

Бул тууралуу Баткен облусундагы Кулунду айылынын тургундары менен жолугушууда “Республика” партиясынан депутаттыкка талапкер Назарали Арипов билдирди.

“Кээ бир партиялар элдин добушун акчага сатып алабыз деп жүрүшөт. Биздин эл эч качан сатылбашы керек. Шайлоого он күн калды, терең ойлонуп туура чечим кабыл алалы! Кандай парламент барса, мамлекет ошого жараша алдыга же артка жылат! Бийлик элдин колунда! “Республика” партиясы дайыма силерди колдоп, кызмат кылууга даяр!”, — деп Назарали Арипов шайлоочуларды добуш сатпоого чакырып өттү.

“Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына дагы бир талапкер Руслан Казакбаев “Кыргызстанда ар бир төрөлгөн ымыркайдын да 700 доллар карызы бар” деди.

“Мамлекеттин эгемендүүлүгүнө 30 жыл толот, бул мөөнөттүн ичинде тышкы карыз 5 миллиард долларга жакындап калды. Бул ар бир жаран төрөлгөндө эле 700 доллар бересе менен төрөлөт дегенди түшүндүрөт”.

Бул тууралуу Руслан  Казакбаев Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

“Азыр ишкерлер бюджетке төлөгөн салыктардын төрт сомдон бир сому тышкы карызды жабыш үчүн кетип жатат. 2028-жылдан баштап ал эки эсе көбөйөт – ишкерлер 10 сом тапса, анын төрт сому тышкы карызга жумшалат”, — деди Руслан Казакбаев.

Талапкердин айтымында, мамлекеттеги коррупция менен президент, же бир министр жалгыз күрөшө албайт. Бул маселени чечүүгө өлкөдө кардиналдуу реформаларды өткөрүү зарыл. “Республика” партиясынын программасында саясый  реформалардан тартып, өлкөнүн бардык тармактарында олуттуу реформа жүргүзүү каралган. Бул аракеттерди ишке ашыруу менен жарандардын социалдык жашоо-турмушун өзгөртүп, коррупцияга каршы эффективдүү күрөш жүргүзүп, өлкө экономикасын бутуна тургузууга болот.

“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту  жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык  киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто жана кичи бизнес экономиканын негизин түзгөндүктөн, “Республика” партиясынын программасында бул тармакка 3% насыя берүү каралган.

Буйрутмачы: “Республика” саясий партиясы. ИНН  01708200710163.“Республика” саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.