Домой Шайлоо 2020 Шайлоо- 2020:«Реформа» партиясынын мүчөсү «Кыргызстан» партиясына байланыштуу БШКга кайрылат

Шайлоо- 2020:«Реформа» партиясынын мүчөсү «Кыргызстан» партиясына байланыштуу БШКга кайрылат

41

Социалдык тармактарда айрым колдонуучулар «Кыргызстан» партиясы талапкерлердин тизмесин тактап бүтпөй калганын, БШК менен жең ичинен сүйлөшүү жүрүп жатканын жазышкан.

«Кыргызстан» партиясынын өкүлү Нурбек Алимбеков жана БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришкен.

БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта кечки саат алтыда токтотту. Жалпысынан 17 партия расмий каттоого алынды. Саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин жарыялаган, анда «Кыргызстан» партиясы да аталган.

БШК 4-сентябрга чейин талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерип, анан бир айлык үгүт башталат. Шайлоо 4-октябрда болот.