2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө дагы 10 партиядан кабарлама келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти. Ага ылайык, «Бийлик элге», «Чоң казат», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Единство народа», «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» саясий партиясы, «Актив», «Кыргызстандын жумушчулар партиясы», «Республика», «Кыргызстандын агрардык партиясы», «Бир бол», «Демократ» саясий партиялары шайлоого катышуу тууралуу кабарлама жөнөтүшкөн. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин 7 партия билдиргени маалымдалган. Маалым болгондой, Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.
Булак: Супер.кж