Домой Шайлоо 2020 Шайлоо — 2020: «Биримдик» №1. Талапкер Гүлжигит Жумаев: Улуттук искусствону, улуттук...

Шайлоо — 2020: «Биримдик» №1. Талапкер Гүлжигит Жумаев: Улуттук искусствону, улуттук адабиятты ѳгѳйлѳнткѳн Ѳкмѳткѳ каршы турам!

287

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлжигит Жумаев шайлоочулар менен жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ.

Бул ирет талапкер Сузак районунун Кара-Булак айылынын жашоочулары менен жолугушту. Анда Гүлжигит Жумаев «Биримдик» партиясынын программасы менен тааныштырып, элдин кѳңүл ѳйүткѳн суроолоруна жоопторун берди. Жергиликтүү тургундар айылга ФАП керектигин, жолдордун оор абалы, токойлордун кароосуз калганы боюнча кѳйгѳйлѳрдү кѳтѳрүштү.

Талапкер «Биримдик» партиясынын идеологиясынын ѳзѳгүн  ар бир адамдын жашоо деңгээлин кѳтѳрүү менен социалдык адилеттүүлүккѳ жетишүү түзѳрүн баса белгиледи. Ал үчүн партиянын программасында экономиканы ѳнүктүрүү, социалдык камкордукка алуу саясатын күчѳтүү багыттары камтылган.

Ошону менен бирге депутат болуп калса, аймактарды ѳнүктүрүп, жумуш орундарын түзүүгѳ инвестиция тартуу зарылдыгын ѳкмѳттүн алдына коёрун айткан  ЖК депутаттыгына талапкер бул маселе партиянын программасында камтылганын кошумчалады. Партиянын программасына ылайык, аймактарга тартылган инвестициянын кѳлѳмү эки эсе кѳбѳйтүлүп, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, жеңил ѳнѳр жайды, туризмди ѳнүктүрүүгѳ ѳзгѳчѳ басым жасалары белгиленген.

Мындан сырткары, улуттук баалуулуктарды, маданиятты ар дайым кастарлап келген инсан катары улуттук искусство, улуттук адабият, улуттук кино тармагына ѳгѳй баладай мамиле кылып жаткан Ѳкмѳткѳ каршы турарын баса белгиледи.

«Бир дагы дүйнөдө жок өнөр адамдары кыргызда гана бар. Алар манасчылар, дастанчылар, төкмө акындар, саяпкерлер. Мына ушул өнөр ээлерин, ушул кайталангыс өнөр жаатын дүйнөлүк ЮНЕСКОго окшогон уюмдар коргоого алууда. Биз өзүбүз коргоп да, колдоп да ала албай жатканыбыз өкүндүрөт», — деди ал ѳз сѳзүндѳ.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.