Домой Саясат Шайлдабекова: жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылбайт

Шайлдабекова: жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылбайт

45

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Азаттыкка» жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн билдирди. Шайлдабекованын айтымында, жугуштуу илдеттин алдын алыш үчүн БШК бир катар чараларды иштеп чыгат.

«Үгүт иштери жүрүп жатат. Биз массалык жолугушууларды азайтып, башка үгүт формаларына өтүүнү сунуш кылып жатабыз. Мыйзам боюнча талапкерлер эл менен жолугууга укуктуу. Бирок, кырдаалды эске алып заманбап технологияларды колдонсок болот. Партияларга shailoogov.kg деген сайтты сунуш кылып, ал жерге маалыматтарын жайгаштырууга мүмкүнчүлүк бердик. Ошондой эле акысыз теле дебаттардын убактысын узартуу каралып жатат», — деди БШКнын жетекчиси.

Нуржан Шайлдабекова добуш берүү маалында бардык участоктордо санитардык шарттар аткарыларын кошумчалады.

Буга чейин БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Кабар» улуттук маалымат агентигине мыйзамга ылайык шайлоо өлкөдө өзгөчө кырдаал режими жана аскердик абал киргизилгенде гана жылдырыларын билдирген. 16-мартта БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева коронавирустан коргонуу максатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 12-апрелге белгиленген шайлоо өнөктүгүн да жылдыруу зарыл деген пикирин айтып чыккан.

Ушул тапта Кыргызстанда беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Шайлоого үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот. Айрым партиялар үгүт иштеринде эл топтоодон баш тартканы кабарланды.

Булак: Азаттык