Домой Саясат Шахрезада Аскарова: «Шеркул эки балам менен таштап, бат эле үйлөнүп алды»

Шахрезада Аскарова: «Шеркул эки балам менен таштап, бат эле үйлөнүп алды»

1471
«АЙЫЛДЫК КИТЕПКАНАДАГЫ КИТЕПТЕРДИН БААРЫН ОКУГАМ»

– Мен Чүй облусунун Сокулук районунда төрөлүпөскөм. Биздин айылда украин улутунун өкүлдөрү абдан көп жашаар эле. Алар менен бирге ойноп жүрүп, кийин чогуу окуп калдым. Орус мектепке барганымдын да башкы себеби ошол болду окшойт. Бир үйдүн жалгыз кызымын. Энем эле бар. Атам экөө мен кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Активдүү окуучу болдум. Ал кезде гезит-журналдардын бирин калтырбай жазылар элек. Айылдагы китепканадагы китептердин баарын окуп чыккам. Энем кадимкидей эле барып китепканага арызданчу. «Менин кызым Шахрезада Аскаровага таптакыр китеп бербегиле. Ал жумуш кылбай калды. Картошкам үйүлбөй, үйүм жыйналбай жатат» деп. Мектепте болгон ийримдердин бирин калтырчу эмесмин. Анан да индия кинолорун ушунчалык сүйүп көрчүмүн. Киного барып кайра үйгө келатканда эле андагы ырларды жаттап алып, кыйкырып ырдап калар элем.

«АРХИВДЕ 3-4 ЭЛЕ ЫРЫМ КАЛЫПТЫР»

– Мектепти аяктагандан кийин Ленинградды көздөй жөнөдүм. Ал жактан Музыкалык педагогикалык училищенин оркестр бөлүмүндө балалайка жана баян аспаптарында ойноо жаатында окудум. Тилекке каршы, ал жактын нымдуу абасы ден соолугума жакпай, окууну таштап, кайтып келүүгө аргасыз болгом. Бул жакка келгенден кийин бош жүрбөй, «Фрунзе» заводуна ишке орношуп алдым. Анда да музыкалык ийримдерине үзгүлтүксүз катышып турдум. Заводдун Мурат Маймылов жетектеген «Дастан» деген тобунда ырдадым. Кийин мени Финтехтин «Толкун» ансамблине чакырып калышып, ал жакка кеткем. Бир күнү эле «Улуттук филармониянын «Наристе» тобуна солистка керек» деген жарыяны угуп калдык. Үйдөн аябай даярданып барып өтүп кеттим. Андан бир жума өтпөй эле гастролго кеттик. Ошол кездеги ырларым тээ алыскы Алайда, Ат-Башыда, Лейлекте калды окшойт. Фонддо, болгону, жаздырылган 3-4 эле ырым бар экен. «НАРИСТЕ» ТОБУНАН АТАГЫМ ЧЫККАН» – Биздин убакта «Наристе» тобу абдан атагы чыккан топ болчу. Менин атагым ушул топто жүргөндө чыкты. Кай жерге барып концерт койбойлу, эл толтура. Аспаптарыбыз, костюмдарыбыз укмуш эле. Борборго койгон концерттик программабыз менен айылдарды кыдырчубуз. Эл кызылча чаап иштеп жүрсө, биз ошол талаага барып эле концертибизди коё берчүбүз. Гастролдон келгенде филармониядагылар «Наристе» келди, айлык алат экенбиз да» деп сүйүнүп калышчу.

«ШЕРКУЛ ЭКӨӨБҮЗДҮ КАЙНЕЖЕЛЕРИМ АЖЫРАТКАН»

– «Наристе» тобу жеке жашоомо да таасирин тийгизди. Топко жаңы барганда аскердик кызматын өтөп Шеркул Дүйшөналиев келип калды. Экөөбүз тең топко жаңы келгенбиз. Анан бири-бирибизге жардамдашып, сүйлөшүп жүрүп жакындашып кеттик. Кийинчерээк баш кошуп, бир уул, бир кыздын ата-энеси болдук. Бирок тагдыр бизди түбөлүккө кошпоптур, кийин ажырашууга туура келди. Чындыгын айтканда, эмне болуп ажырашып кеткенибизди Шеркул экөөбүз деле жакшы түшүнбөй калдык окшойт. Жер жамандап барбасын, бирок биздин ажырашарыбызды эки кайнежем чечип койгон. Кийин эки жакка бөлүп коюшту да, Шеркулду тез эле кайра үйлөнтүштү. А мен эки баламды кучактап жалгыз кала бердим.

«СЕМИЧКЕ САТКАН КҮНДӨРҮМ БОЛГОН»

– Ал кез 90-жылдар. Өлкөнүн кайра куруу жылдары менин жеке жашоомдун да кайра куруу жылдары болду. Балдарым менен жалгыз калганда аябай эле кыйналдым. Шеркул балдарды багууга таптакыр жардам берген жок. Ар кайсы топторго кошулуп ырдап жүрдүм. Анан эгемендүүлүк менен кошо шоу-бизнес деген түшүнүк келди. Мен ал нерсеге таптакыр даярдыгы жок барыптырмын. Айла жок башка иштер менен алектенүүгө туура келди. Ал ортодо кызым ооруп калды. Дары-дармек, доктурдан доктурга дегендей. Акчанын айынан уюштуруу иштери менен да алектенип, той-топурга тамада болуп иштеп калдым. Эл демөөрчү издеп жаткан кезде, мен той издеп калгам. Андан тышкары да каражат табуу жаатында кандай гана иштерди жасабадым. Түнү менен камыр ачытып, таң атпай нан жаап, аны сатам. Манты, самса бышырып сатам. Бир ирет энем айылдан бир мүшөк семичке алып келген экен, аны кууруп саткан күндөрүм өттү.

«АКЧАМ БОЛГОНДО КЫЗЫМ АМАН КАЛАТ БЕЛЕ ДЕЙМ»

– Азыркы заманда баарын акча чечип калды. Илгери баарын аң-сезим, намыс, ички дүйнө чечет дечүбүз. Азыр андай эмес. Биз, Совет мезгилинде билим алгандар, 2ге 2ни кошсо 4 болот десек, азыр көрсө, 4 эмес, 5 же 6 кылсаң да болот экен. Мен бул нерсеге кызым ооруп реанимацияда жатканда карайлап акча таппай, курбуларыма жалдырап жүргөн күндөрү ынандым. Эгер ошол кезде менин акчам көп болгондо, балким, кызымды аман алып калат белем деп ойлойм. Жашоодогу бир арманым ушул болду. Кызым 5 жашынан оорукчан болуп, 25 жашка толгондо оорусу аны менден алып кетти. Азыр кээ бирлер «колу-бутуң бошоду, эми чыгармачылыкка киришпейсиңби» деп айтып калышат. А менин жан дүйнөм эми ырдай албай калды. 20 жылда абдан көнүп бүтүптүрмүн. Азыр кыйналсам да кызымды карап, ага убагы менен тамагын, дарысын берип жүргөн күндөрүмдү сагынам. Азыр, Кудайга шүгүр, энем, уул-келиним, 2 неберем бар. Уулум менен келиниме «мен барда, жардамым тийип турганда иштегиле, бутуңарга тургула. Заман кыйын, акчаңар болбосо тебелеп-тепсеп кетет» дедим. Алар азыр Астанада иштеп жатышат. Неберелерим менде. Бакчага барабыз, кайра келебиз, ойнойбуз дегендей.

Булак: Супер.кж