Домой Саясат Шаардык сот «Азия Ньюсту» министрге 300 миң сом төлөп берүүнү милдеттендирди

Шаардык сот «Азия Ньюсту» министрге 300 миң сом төлөп берүүнү милдеттендирди

51

«Гезиттин редактору Аслан Сартбаев жана биз да шаардык соттун чечимине макул эмеспиз. Ошондуктан эми Жогорку сотко кайрылалы деп жатабыз», — деди Турдукулов.

Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Министр «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, гезиттен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр декабрь айында Жунушалиевдин «Азия Ньюска» каршы доо арызын канааттандырып, гезитти 1 миллион сом айып пулга жыккан. Гезит райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко кайрылган.

«Азия Ньюсту» мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да сотко берип, 1 миллион сом доого чыккан.

Мындан тышкары гезит Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп, ага 15 миң сом төлөмөр болгон.

«Азия Ньюс» — Кыргызстандагы эркин гезиттердин бири.

Булак: Азаттык