Домой Коом СЭЗ Бишкектин башкы директорунун ордуна ким келери айтылды

СЭЗ Бишкектин башкы директорунун ордуна ким келери айтылды

24

СЭЗ Бишкектин башкы директору кызматтан кеткен эле. Маалымат боюнча, анын ордуна Бакиевдин тууганы, азыркы учурда фамилиясын Тажибаев Зулкайнар деп өзгөртүп алган жаран, азырынча атын атабай эле туралы, бирөө аркылуу СЭЗ Бишкекке башкы директор болуп келем деп жатыптыр. Бакиевдер качып кеткенден кийин фамилиясын алмаштырып, атасынын атын саткан саткындан эмнени күтсөк болот. Бакиев президент кезинде Бакиев деген эле фамилиясы менен жүргөн. Азыркы убакта президенттин милдетин аткарып жаткан урматтуу Садыр Жапаровго кайрылат элек, Бакиевдер, анын жакындары атын алмаштырып алып кызматка келсе боло турган болсо, анда кандай болуп калат.

Ушул убакта Сиз элдин ишенимине алынып турасыз, бирок, жогорудагы аты аталган киши же ушуга окшогондор кызматка келсе, анда Сизден да элдин ишеними кете башташы мүмкүн. Мындай адамдар Сизге жакшылык же ак эмгек менен кызмат кылып деле бербейт. Эгер, бул киши кызматка дайындалса, ошондо ким аркылуу кызматка барганын кабарлап коюну туура көрдүк, — деп жазды fakt.kg