Домой Аналитика Сергей Балакин: “Эмгек” партиясы санариптешүү жана бюрократия менен күрөшүү үчүн

Сергей Балакин: “Эмгек” партиясы санариптешүү жана бюрократия менен күрөшүү үчүн

203

«Эмгек» саясий партиясы Бишкек шаардык кеңеши үчүн ат салышууда. Партия шайлоо алдында чарбалык дагы, социалдык дагы маселелерди камтыган мыкты жана мазмундуу программасы менен иш алып барууда. Саясий уюмдун санариптештирүү жана бюрократия менен күрөшүү боюнча пландары жөнүндө Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Сергей Балакин айтып берди.

«32 жаштамын. Көп жылдан бери бизнес долбоорлор менен иштешип келатып ар дайым бюрократияга тушугамын. Жакында эле аймактык шайлоо комиссиясына документ тапшыруу үчүн мурда соттолбогондугу тууралуу маалымкат алыш керек болуп калды. Катталуу үчүн эки күн жүрүүгө, жарым күн кезек күтүп отурууга туура келди. Бул туура көрүнүшпү? Менден башка дагы бюрократиядан тажаган адамдар көп экенин билем. Ошондой эле муниципалдык кызматтар үчүн да толгон-токой маалымкаттарды чогултуп, көп убакыт коротууга туура келет», — деди ал.

Анын айтуусу боюнча «Эмгек» партиясынын программасынын бир пункту санариптештирүүгө жана кагаз түрүндөгү маалымкаттарды азайтууга багытталган. Ар тараптуу муниципалдык кызматтардын баары «бирдиктүү терезе» принциби боюнча бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутумдун негизинде берилип баштайт. Бул өз кезегинде адамдардын убактысын үнөмдөп, бюрократияны жоюп, муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртып, аларды жеткиликтүү кылат.

Андан сырткары, «Эмгек» партиясынын планы боюнча санариптештирүү шаардын кирешесин арттырууга салымын кошот.

«Бишкек шаарынын потенциалы чоң болгону менен киреше деңгээли абдан төмөн. Биз толук түрдө муниципалдык менчикке инвентаризация жүргүзүп, аны санариптештирип, ачык аукциондук түзүмдү киргизгибиз келет. Баанын түзүлүшү жана коэффициенттер саясатын кайра карап чыгып, салыктык эмес каражаттарды көбөйтүүнү каалайбыз”, — деди Сергей Балакин.

«Борбор калаада социалдык жардамга муктаж болгон калктын аялуу катмары бар. Аталган жардамды алуу үчүн толтура документ чогултууга туура келет. «Эмгек» партиясы ошондуктан да шаардын нормативдик базасына өзгөртүүлөрдү киргизип, социалдык жардамды алуу жолун жеңилдетүүнү пландоодо», — деп кошумчалады Балакин.

«Биздин партияда тажрыйбасы эбегейсиз чоң адистер көп. Алар менен шаар маселесин чечүү кызыктуу болот деп ойлойм», — деди талапкер.

«Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды