Домой Саясат Сейитбек АЙТБАЕВ, юрист: “Төрөбаевдин добуш сатып алганы далилденсе шайлоодон четтетүү керек”

Сейитбек АЙТБАЕВ, юрист: “Төрөбаевдин добуш сатып алганы далилденсе шайлоодон четтетүү керек”

32

unicure remedies pvt ltd.                    1024852968

 Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин ишенимдүү адамдарынын добуш сатып алуу аракетин тастыктаган тасма интернетке тарады. Анда алар шайлоочулардын кошумча тизмеге киргени үчүн 300 сом берип, шайлоого бир күн калганда 1-2 миң сомдон убада кылганы аныкталган. Тиешелүү органдар буга кандай чара көрүшү керек?

          Буга чейин парламент добуш сатып алууну кылмыш деп эсептеген атайын мыйзам кабыл алган. Маселен, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 140-беренесинде талапкер, анын жакын туугандары, ишенимдүү адамдары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан добуш сатып алуу аракети тастыкталса түздөн-түз ошол талапкер жоопкерчиликке тартылат. Силер айтып жаткан тасмадагы акча тараткан адам Бакыт Төрөбаевдин тууганы же ишинимдүү өкүлү болсо жоопкерчилик Бакыт Эргешовичке жүктөлөт.

          Буга кандай чара колдонулат?

          Тасманы алгач укук коргоо органдары иликтеп чыгышы керек. Андан кийин гана БШК тиешелүү чара көрөт. Талапкер добуш сатып алуу аракетин жасаса аны шайлоодон четтетүүгө чейин чара каралган. Президенттик шайлоо таза өтүшү үчүн бул тасма тастыкталса Төрөбаевди шайлоодон четтетүү керек деп ойлоймун. Ал эми тасмадагы адамдар партиянын мүчөлөрү же Төрөбаевдин тарапкерлери болсо алар айып төлөйт же 3 жылга чейин камалат.