Домой Маек Сейитбек АЙТБАЕВ, юрист:Текебаевдин сотту создуктурганынын төркүнү маалым болду

Сейитбек АЙТБАЕВ, юрист:Текебаевдин сотту создуктурганынын төркүнү маалым болду

56

1366198394_77955300

 

 Орус ишкеринен 1 млн. доллар пара алды деп шектелип соту өтүп жаткан Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышат экен. Буга мыйзам жол береби?

pcm pharmacy.   Биринчиден, Текебаевге 304-берене боюнча кылмыш иши козголгон. Бул абдан оор кылмыштардын катарына кирет. Учурда сот иши жүрүп жатат. Демек, биринчи кезекте бул моралдык жагынан туура эмес.

Экинчиден, мыйзам соттолбогон адамдын катышуусуна жол ачканы менен Текебаев соттолуп жатпайбы. Шайлоо аяктаганга чейин соттун чечими чыгып, Текебаев кесилип кетсе не болот? Ошондуктан БШК Текебаевдин талапкерлигин каттабашы керек. Эгер аны каттай турган болсо шайлоо жыйынтыгына доо кетет.

  Буга чейин Текебаев болушунча сотту создуктуруп келген. Ал президенттик шайлоого катышуу үчүн ушул кадамга барып жатканы далилденип жаткан жокпу?

  Бул сөздөр буга чейин эле айтылган. Эми силер айткандай Текебаевдин сотту создуктурганынын төркүнү маалым болду. Бирок, ал жоопкерчиликтен эч качан кутула албайт.