-Өтүп бара жаткан жыл сиз үчүн кандай болду? Жаманы жана жакшысы?
-Бул жылы бизди Кудай Таала чоң бир сыноого алды. Албетте биз көп нерсени көрүп калдык, ар бир инсандын, саясатчылардын жүзу ачыкка чыкты. Бирок ошо сыноодон кийин бизге жакшылыктар да болду. Мисалы, катарыбызда жаш саясатчылар жана биз-ди колдогон билимдүү жаштар көбөйдү. Жаңы лидерлер пайда болду. Ошондуктан ме-нимче азыркы болуп жаткан окуялар бизди биримдикке, ынтымакка, чыдамкайлыкка чакырды. Ал эми жаман жа-гын айтсак, толтура нерселер чыгат. Мисалы, Алмаз Шаршенович биздин атабыз абакта жатат. Көп жылдан бери жанында жүрүп, ишеничине кирген кээ бир партиялаштары сатып кетишти. Атамдын өлкө үчүн жасаган жакшы иштерин жокко чыгарып жатышат. Өткөн пресс-конференцияда президентибиз ай-тыптыр, «Атамбаевдин тагды-рына капа болуп жатам» — деп. Эгер капа болгону чын болсо эмне үчүн анын үй бүлөсүн ойлобойт? Эмнеге ошол эле бир кездеги тарапташтары Исаковдун, Ибраимовдун, Ниязовдун жана башка пар~ тиялаштардын уй булөлөрүн оЙлобойт? Бизге кылган ма-миле 37-жылкы репрессиядай эле болуп жатат, аны бийлик билбесе эл билет.
-Учурда укук коргоо органдары тарабынан сиздин ишмердүүлүгүңүзтө карата жасалган куугунтук токтодубу?
-Албетте токтогон жок. Эч бир себепсиз эле биздин иш-кананы бийлик текшертип жатты. Сооронбай Шарипо-вич 2018-жылдын 17-сентя-брында, «мамлекет менен бизнес чөйрөсунүн мамилеси, карым-катнашы бекем болуш үчун, ишкерлердин ишине жасалма түрдө тоскоол болбош керек» — деп айткан. Ал эми 2019-жылдын 24-июнунда Жээнбеков укук коргоо органдарын ишкерлерге карата ашыкча текшерүүлөрдү токтотууга чакырган. Бирок иш жүзундө андай болбой жатпайбы? Президенттин айтканына карама-каршы келген таптакыр башка саясат журүп жатпайбы. Ыплас жолдор менен мага ка-рата куугунтук болуп жатканы абдан өкүнүчтүү болууда.
-Камакта жаткан атаңыз Алмазбек Атамбаевге канча жолу жолуктуңуз?
-Атама мындан бир ай мурда Раиса Минахмедовна менен чогуу киргем. Албетте ден соолугу жакшы болчу, маанайы да көтөрүңкү эле. Спорт менен алектенип, китеп окуп жатканын айткан. Партиялаштарына, аны колдогон адамдарга ысык саламын айткан.
-Келерки жылдан тарта ата жолун жолдоп саясатка толугу менен киришуүгө ниет койдуңузбу?
-Атам президент болуп турганда, «саясатка жана бийликке эч качан барбайсыңар» — деп айтчу. «Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок» — деп айтчу. Тилеке каршы азыркы бийлик бизди куугунтукка алып, бизди баатыр кылып өздөрү билбестен саясатка аралаштырып салды. Орустар айткандай, « Если ты не займешься политикой, то лолитика займётся тобой».
— Анын бетин ары кылсын, бирок Алмаз Шар-шеновичтин ден-соолугу начарлап, коопсуздугуна коркунуч жарала турган болсо, Атамбаевдин тун уулу катары сиз кандай аракеттерди көрөсүз?
-Аны жалгыз Кудай Таалам билет, атабызга чын ден соолук берсин, өмурү узун болсун. Биздин артыбызда эл бар, бизден да мыктылары бар. Буюрса жаңы лидерлер чыгып жатат. Мен ойлойм баары жакшы болот. Кудай Таалам элибизге тынчтык, ынтымак, биримдик берсин.
Алина САБАТБЕКОВА
Булак: Ачык саясат