Домой Саясат СДПК төрагасынын орун басары 16-декабрда суракка барат

СДПК төрагасынын орун басары 16-декабрда суракка барат

30

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 16-декабрда саат 11:00дө суракка барат. Ал кайрадан милицияга чакырылганын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдирди.

Жактоочунун айтымында, Жолдубаева 14-декабрда да чакырылып, баргандан кийин алты-жети саат суракка алынган эмес. Соңунда ага 16-декабрга чакыруу тапшырышкан.

Жоошев Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуялары боюнча күбө катары чакырылган болушу мүмкүндүгүн, бирок макамы күбөдөн шектүү катары да өзгөртүлүп калышы ыктымал экенин айтууда. Бул маалымат азырынча расмий бышыкталган да, төгүндөлгөн да жок.

Жолдубаева мурдараак ушул эле окуяларга байланыштуу милицияга бир нече жолу күбө катары сурак берип чыккан.

Ушул жылдын 7-8августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир аскер курман болуп, жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкерлери, 94ү жөнөкөй жарандар.