Домой Саясат Саясый капкан: же шайлоодон ута албайт же кача албайт

Саясый капкан: же шайлоодон ута албайт же кача албайт

117
????????????????????????????????????

 

????????????????????????????????????
????????????????????????????????????

 

Саясатчы Өмүрбек Бабанов өз келечегине өзү балта чапты. Амбициясы башынан ашынып кетип, анысы президенттик деген ооруга айланып, өзүнүкү эле айланбай элдин башын да айлантып, Кыргызстанга баш-аламандык алып келчүдөй болуп турат.

Президент Алмазбек Атамбаев социологиялык иликтөөлөргө таянып анын шайлоодо жеӊишке жетише албасын айтып салды. Ал эми жеӊилгенди татыктуу кабыл алуу, амбициясы мээсине чапкан бул талапкерге таандык сапат эмес. Чийилген кызыл сызыктан да өтүп кеткен. Эми эмне кылат? Эмне кылмак эле – бийликти күч менен алганга аракет кылат же өлкөдөн качып кетиши керек.  Бирок мындай жолдун биринчисин Кыргызстан кабыл албайт, экинчисин өзү кабыл албайт.

Бабанов ар кайсы убакта бийликтин эрке баласы болуп жүрдү.  Бакиевдин тушунда тамагынан балдан башка тамак өтчү эмес. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин деле өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаеванын сүймөнчүгү болуп жүрдү. Мамлекет башына А.Атамбаев келгенде КСДП партиясы колдоп, премьер министр да болгон. Анан эле бул жолку президентикке шайлоо башталгандан бери амбиция деген ооруга чалдыкты.

Шайлоого старт башталганда А.Атамбаевдин багытын улантам дегендей сөздөрдү айтып жай эле бараткан. Андыктан аны оппозиционер катары колдогон интернет троллдордун жайнап чыгып жатышы күлкүнү гана келтирет. Бирок ал өз ырыскысын өзү тепти. Агрессивдүү сөздөрдү айдата баштады. Аны бир жагынан казак олигархтары сүрөп, колтугуна суу бүркүп турушту.

Бул тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев мындай дейт: “Анын штабында адам көп, бирок талапкеринин тантыган сөздөрүнө караганда штабындагылардын мээси кургап калса керек. Болбосо аналитиктери кандай кадам жасоо керектигин, шайлоо доктринасын кичине бир сызып берип коюшпайбы. Чечимдерди шашып кабылдоо жаӊылышууга алып келерин билишпейби. Бабановдун жанына ар кандай сүлүк саясатчылар толуп алышты. Алар аны жеке кызыкчылыктарына пайдаланып атышат. Бабанов кызыгып кеткен стадиондук эйфория алдамчы болчу эле. Анткени ал жерде оозун ачып жөн эле баргандар, ошондой эле анын каршылары да жүргөндүгүн түшүнүү керек да. Шайлоо алдындагы мындай күлкүнү келтирген эл менен жолугушуулары анын көзүн саясат тумандатып салганын көрсөтөт”.

Шайлоого даярдыктын жүрүшүндө Бабанов кечиримсиз каталарды кетирди. Бул анын президент Назарбаевге барганы, Ошто кудум Батыровго окшоп элди баш ийбөөгө  үндөөсү, үгүт иштерине диний ишмерлерди тартышы. Натыйжада талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан үч жолу эскертүү алды. Акыркысын анын пиаршиктерине жооп кылып президент Атамбаев өзү берди.

«Алты жылда Кыргызстандын жарандарынын ишенимине татыдым деп ойлоймун.  Анан биздин жергиликтүү “бай-манапчик” алты жылда эч нерсе жасалган жок, коррупция- деп атат. Биздин талапкер туура айтты, коррупцияга каршы күрөштү андан башташ керек. Мен башында жумшактык көрсөтүп, ишенип келиптирмин. ..Мындайларга эми темирди кызытып туруп басыш керек. Аларды орду түрмөдө”, — деди мамлекет башчысы.

Кырдаал эми Бабановго эч кандай саясий жүрүш жасаганга жол калтырган жок. Амбицияга чалдыккан ал кантип орго түшүп калганын өзү да байкабай калды.

Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо шылтоосу менен массалык баш аламандык уюштуруп, бийликти куралдуу басып алуу тууралуу айтылып жаткан маалыматтар, анын кесепеттери аны ойлонууга мажбур кылышы керек эле. Бабанов болсо өзүнүн тарапкерлерин кечинде шайлоо участкаларына келип, ал жерде шайлоонун жыйынтыгы чыкканча турууга үндөп жатат. Эгерде ал күткөндөй жыйынтык чыкпай калса, ал кандай буйрук бергени турат? Же Бабанов анын жакын шакирти Канат Исаевдин 15-октябрда шайлоодо чыр чыгаруу үчүн акча таратып жатканда кармалганын билбейби?

Күн бүгүн УКМК батышчыл активист Мелис Аспековду кутумчулукка шектенип кармады.  Анын жазылып алынган сөздөрүндө бийликти куралдуу басып алууга даярдык жүрүп жатканы, анын уюштуруучулары карапайым адамдарды өлтүрүүгө даяр экендиктери айтылат. Бабанов муну билбеген күндө да төӊкөрүш жасагысы келген адамдар аны пайдаланып жатышканын билиши керек эле да. Талапкердин элге агрессивдүү чакырык ташташы, кутумчулардын республикадагы абалды курчуткусу келген пландарына  үндөшүп жатканын кайда алпарабыз.

Талапкер өзүнүн жакын адамы Кайсарга окшоп, Кыргызстандан качат экен деген версия айтылган. Бул Бабанов премьер-министр болуп турганда кадр маселесин чечкен, экономикалык тармактарды тейлеген көлөкөдөгү кардинал болчу. Ал төӊкөрүш даярдалып жатканы боюнча маалымат угулаары менен куйругун түйгөн.  Бирок Бабанов качкан жок. Качканда кайда барат? Бул ишке аралашып бети ачылып калган Казакстандагы олигархтар аны бетинен сүйө койбойт.

Интернетте айтылып жаткан маалыматтарга караганда “чет элдик инвесторлор” шайлоого байланышкан бул авантюрага 200 млн доллар беришкен.  Эми аны кантип төлөйт бечара? Же айрым амбициясы ашынган ишмерлердин азабын баягы эле жөнөкөй адамдар тартабы?