Домой Аналитика Саясий майданга «Туран» партиясы чыгат

Саясий майданга «Туран» партиясы чыгат

42

Кыргызстандын саясий жашоосунда маанилүү окуя – саясий майданга «Туран» улуттук кайра жаралуу демократиялык партиясы чыгат. Лидери Жеңиш Молдокматов.

Жеңиш Молдокматов «Ханституцияга каршы» борборунун дагы жетекчиси болуп саналат. Ал жана анын тарапташтары бийликтин мыйзамсыз аракеттерине карата ачык сын-пикирлерин айткан, митингдерге чыгышкан.
Айрым коомдук-саясий ишмерлер мындай саясий күчтүн пайда болушун Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн болгон күрөштүн жаңы этабынын башталышы катары баалап жатышат.

Ж.Молдокматов: «Биз бүгүнкү күндөгү иш-аракеттерибизди: адилеттик үчүн күрөшүүнү улантабыз. Бирок эми саясий бирикме катары аракет кылабыз. Биз күчтүү укуктук мамлекетте жашагыбыз келет. Биз унучкпай калбайбыз жана бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттерин жана аракетсиздигин ачык сындайбыз. Биздин мамлекеттин ар бир жаранынын үнү жогорку баалуулукка ээ болушу керек – деп белгилейт.

«Туран» партиясы өзүнүн идеологиялык платформасынын презентациясын 8-апрелде өткөрөт.

Өткөрүү орду: Бишкек ш., Bellagio Banquet Hall, Лев Толстой көч, 36к/1
Өткөрүү убактысы: 10:30