Домой Саясат Саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду

Саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду

40

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болду. Бул тууралуу саясатчы «Жалбырак ТВ» медиасынын «Фейсбуктагы» баракчасында түз эфирде билдирди. Ал кол салгандар уюк телефону менен көз айнегин алып кеткенин айтты.

«Бийлик буларды таап камабаса, шайлоо адилеттүү өттү дегенге эч ким ишенбейт. Менин оюмча мындай коркутуп-үркүтүүлөр мындан кийин да күчөйт», — деди Текебаев.

Саясатчыга үч кичи автобус менен 70ке жакын адам барганы айтылды. Өмүрбек Текебаев муну саясий ишмердиги менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Ата Мекен» партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ага кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Укук коргоо органдарынан комментарий боло элек. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Твиттерге» «Кыргызстанда саясий зомбулукка орун жок» экенин жазды. (BTo)