Домой Коом Саясат талдоочу Айданбек Акматов ИИМде сурак берди

Саясат талдоочу Айданбек Акматов ИИМде сурак берди

394

Айданбек Акматов социалдык тармактагы баракчасына «2010-2015-жылдары олигархтар партия түзүп, мамлекеттик саясатка аралашып, мамлекеттин ресурстарын талап-тоноого активдүү киришкенин» жазган. Ал «азыркы президент Сооронбай Жээнбеков олигархтарды колдонуп парламент түптөп жатканын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да ушундай кылганын» билдирген.

Акматов ИИМге суракка чакырылышын саясий көз карашы менен байланыштырды.

«Менин посттум ua.kg деген сайтка чыгыптыр. Ошол сайтка чыккан материалдын негизинде сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатыптыр. Бул менин саясий аракетиме байланыштуу кысым-басым. Мындан башка эч кандай негиз жок. Кыргызстанда Конституция боюнча адамдар өз оюн ачык билдирүүгө укуктуу. Мен республикада болуп жаткан саясий процесс боюнча көз карашымды, оюмду талдап жазгам. Ушундай иштер улана берсе кайда барабыз? 30-жылдардагы окуялар да күлкүлүү болуп калды», — деди Акматов.

Булак: Азаттык