Домой Саясат Сатыбалдиев салып берсин

Сатыбалдиев салып берсин

52
????????????????????????????????????

Учурда мындан 15 жыл мурун салынган Ош-Бишкек жолу такыр талкаланып бүтүп, анын айынан аталган стратегиялык жолдо автокырсыктар байма-бай болуп жатат, андыктан бийлик бул жолу кайрадан реконструкцияласын деген талаптар жөнөкөй жарандар жана айрым активтисттер тарабынан айтылып баштады. Белгилүү болгондой, бул жол 2000-жылдары Акаев бийликте турганда, чет өлкөдөн алынган олчойгон карыз, грант акчалардын эсебинен ошол кездеги Транспорт министри Жантөрө Сатыбалдиевдин көзөмөлү менен салынган болчу. Салынганы курусун, чынында бул акчадан миллиондогон акча уурдалып, жол анчалык сапаттуу болбой, эптеп бүткөн. Бул коррупциялык маселеге Сатыбалдиев түздөн-түз күнөөлүү экени канча айтылганы менен, ал адам жооп бермек турсун, дагы да ити чөп жеп, андан кийин далай кызматтарда иштеп, ал жерлерден болушунча курсагын “тойгузуп” алып, “тезегиме куурай сая албайсыңар” деген таризде басып кете берген. Ал эми аталган жолго салык катары атайы бекетке жеңил машинелер 45 сом, оор жүк ташуучу машинелер 250 сомдон төгүшөт. Орто эсеп менен бир күндө 1 млн. сомдой чогулат экен, ал акча кайсы жакка кетип, кимдердин чөнтөгүн ысытып жатканы белгисиз. Эми тамтыгы чыгып баштаган Бишкек-Ош жолун коррупциянын анык белгисиндей болуп, компоюп жүргөн Жантөрө Сатыбалдиев ичип-жегенин кусуп туруп, кайра оңдоп берсин. Талап ушул, башка айтар сөз деле жок.