Нарын обласунун Кочкор районундагы «Сары-Чат» санитардык-карантиндик постуна үч видеобайкоочу камера орнотулду.
Бир камера адамдарды текшере турган чатырдын ичин, калган эки камера Бишкек-Торугарт унаа жолун эки багытта көзөмөлгө алат.
Айтор камералар биринчиден санитардык-карантиндик постто иштеп жаткан кызматкерлердин кыймыл аракетин, экинчиден пост аркылуу өтүп жаткан жарандарды каттоого алат.
Натыйжада постто турган мамлекеттик кызматкерлердин, айрыкча МАИ кызматкерлеринин айрым жарандардан пара алып, аларды көз жаздымда өткөрүп жатат деген билдирүүлөргө бөгөт коюлду.
Анткен менен элге зарыл болгон азык-түлүк, шаймандарды ташууга тоскоолдук болбойт. Бирок жүйөлүү себепсиз жолдо жүрүүгө чектөө бар.
Ага карабай кенебестик кылып ары-бери өтүүгө аракет кылып жаткан жарандар мындан ары убара тартып жолго чыкпай эле койсоңуздар болот.
Айта кетсек, видеобайкоочу камераларды орнотуу карантиндик режимди бекем камсыздоо максатында ишке ашып жатат.