“Ак шумкардын” атасы Темир Сариев курултай өткөрүп, туш-туштан 200 делегат чакырып, Президенттикке бара турганын атпай-журтка жар салды.
Байкасак, Сариевдин жыйыны жакшы деңгээлде өттү. Кыргыздын мен деген далай инсандары катышты. Бирок арасында Кудайдан жөө качкандары да жүрөт. Кыязы, алар Темике тилегине жетип калса, мага “устукан” берер деген ниет менен баргандар окшобойбу. Сариев саясатта, мамлекеттик кызматта бай тажрыйба топтоду. Кагылды, согулду, айтор бышты дегендей. Бирок аны менен бирге кемчиликтери да бар экенин унутпоо зарыл. Эгер сапары байсалдуу болуп, ажо болуп калса мамлекетти артка тартпайт деген ишенич бар. Анткен менен азыр түндүктөн да, түштүктөн да бир да талапкер Президент болуп шайланышы өтө кыйын маселе, жалпы элдин колдоосуна көбүрөөк татыш үчүн сөзсүз түрдө бирөө менен тандем түзүшү зарыл. Сариев эми бул жагынан алып караганда түштүктөн чыккан чыгаан саясатчылардын бири менен тандемге барышы абзел. Айрым маалыматтарга караганда, ал “Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаев менен тандемге барары айтылган. Бирок бул маселе жакшы быша элек окшобойбу. Азга чыдап турсак Сариев бул маселени да ачыктайт.