Темир Сариев көзү ачыкка келип, келечекти айтып берүүсүн суранды.
Көзү ачык:
— Сен үстү ачык машинеде баратканыңды көрүп турам, айланаңда миңдеген адамдар.
Сариев таң калды. Көзү ачык сөзүн улантты:
— Адамдар абдан кубанып жаткандарын көрүп турам, алар колдоруна желектерди көтөрүп алышкан, алакан чаап, баарынын жүзүндө бактылуу жылмаюу.
Сариев жылмайып мындай деди:
— Ананчы… Эл мени жакшы көрөт! А мен алардын алдына чыгып колдорунан кыса аламбы?
— Жок.
— А эмнеге?
— Табыттын капкагы жабылуу –деген көзү ачык Сариевди ого бетер санаага салыптыр.