Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Темир Сариевдин 1 жылдын ичинде өкмөт башчы катары көп эле катачылыктарга жол бергенин ачык айтпасак болбойт. Маселен, кадр маселесинде жердешчиликке алдырып, кыйла жаңылды. Мезгил-мезгил менен популисттик кадамдарга да барып турду. Бирок анын эң эле аша чапкандыгы-бир жыл мурун өкмөттүн маалымат камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп келген журналист Назира Ахмедовага “Мамлекеттик кызматтын 1- класстагы кеңешчиси” чинин ыйгарды. Ушул эле чинди өкмөттүн каржы насыя саясаты бөлүмүнүн башчысы, «акшумкарчы» Алиев Азизге бериптир. Бул буйрукка Темикең, кызматтан ана-мына кетем деп жаткан кезде, тагыраагы 8-апрелде кол койгон. Чынында мында чинди өмүр бою, же узак жылдардан бери мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеп жүрүп ала албай жүргөн адамдар четтен табылат. Анан бир жыл өкмөттө иштей коюп, жогорку чинди алган адам дагы, аны берген адам дагы өздөрүнөн уялбаса да, кичине элден уялса болмок.