Кыргыз Республикасынын президенти кандай болушу керек жана кандай талаптарга жооп бериши керек деген суроого жазуучу Абдымамбет Сариев төмөндөгүчө жооп берди:
«Кийинки президент 7 нерсени жасаса тарыхта жакшы ат менен калат:
1. энергетиканы толук улутташтырса.
2. 1991-жылдан бери жер-кен байлыктарына берилген лицензияларды жараксыз кылса.
3. чек араларды толук тактаса,
4. 2-3 жылда чет элдиктердин карызынан кутулса.
5. байыркы кыргыз тамгасын мектептерге сабак катары киргизсе.
6. саясатты, шайлоону аралаштырбай, илим-билимге (мектеп, ж.б. окуу жайлар) катуу көңүл бурса.
7. элди бөлүп-жарган партиялык системаны жоюп, коңшу өлкөлөр зыяндуу деп тапкан диний агымдарга тыю салса.
Ошондо гана элдин ишенимин актап, тарыхта изи калат», — дейт ал.
булак nazarnews.org