Домой Саясат Сапатка басым жасаган Салымбеков университет ачты

Сапатка басым жасаган Салымбеков университет ачты

175

Белгилүү коомдук ишмер,  меценат Аскар Салымбеков өзүнүн атындагы жеке университет ачканы маалым болду. Окуу жай: «Салымбеков университет» деп аталат. Негизи бул окуу жайда билим берүү эбак эле башталганы менен ачылышы салтанаттуу түрдө  25-ноябрда  болуп өттү. Аталган окуу жайдын имараты Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан.  Окуу жайдын интернеттеги баракчасында 1 350 доллар экени жазылган. Бул баа Роза Аманова сыяктуулар ачып алган медициналык окуу жайдан кыйла төмөн.

Негизинен бул окуу жайда Пакистан ж.б. мамлекеттерден келген студенттер медицина багытында билим алышууда. Окуу жай эмки жылы техникалык факультет ачууну көздөп жатат. Негизи Салымбеков агабыз  бир ишти баштаса, биринчи кезекте сапатка басым жасайт эмеспи. Демек, аталган окуу жайдын арышы кеӊейип,  жакынкы жылдары дүйнөлүк деӊгээлге көтөрүлөт деген ишеничтебиз.

Булак: Багыт