Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого талапкер катары каттоодон өткөн соң кызматын тапшырып, башка талапкерлер сыяктуу артыкчылыксыз шайлоого аттанууга бел байлады. Муну менен премьер-министрлик кызмат бошоп, ага бир катар талапкерлердин аты атала баштады.
Парламенттеги көпчүлүк коалициясы Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковду тандап, ошону сүрөөнгө алары белгилүү боло баштаганда Исаковго маалыматтык чабуул башталды. Болгондо да “Азаттык” үналгасы, Чехиядагы айрым басылмалар аркылуу С.Исаковго негизсиз жалаа жапкан маалыматтар байма-бай жарыяланып, ал соцтармактар аркылуу тездик менен таратыла баштады. Мындан сырткары Сапар мырзаны негизсиз каралаган атайын ролик даярдалып, анда аны ар кайсы коррупциялык иштерге аралашкан деп айыптаган. Максим Бакиев менен азыркы күнгө чейин байланышта жүргөнүн баяндаган бул жасалма тасма чындыктан алыстап, элдин башын айлантууну нак көздөгөнү байкалып турат.
Мындай маалыматтык чабуулдун артында ким турганы, ага кимдер кызыкдар болгону көпчүлүктү кызыктырып турганда, ал деле белгилүү болуп калды. Көрсө, парламенттеги бакыйган оппозициялык фракциянын президенттик шайлоого аттанып жаткан лидери көмүскөдө дирижер болуп, каралоо иштери анын аракети менен жүрүп жатыптыр. Мисалы, “Азаттык” үналгысынын мурдагы жетекчиси Султан Каназаров учурда ошол “лидердин” штабын чаңытып, түрдүү жоруктарды жасоодо. “Азаттык” үналгысынын башкы кеңсеси Чехиянын борбору Прагада экенин, С.Каназаровдун ал жакта тааныштары, байланыштары көп экенин эске алганда негизги аткаруучулардын бири ушул жигит экени айтылууда. Ал эми С.Исаков тууралуу Чехиядан чыккан буюртма макалаларды Нарын Айып деген журналист көчүрүп, аны заматта интернет аркылуу таратып жатат дешет. Нарын Айып деле биз сөз кылган фракциянын лидери менен жакын мамиледе экени белгилүү. Анын үстүнө Нарын мырзанын үй-бүлөсү Чехияда турат, Праганын чок ортосунан үй алып койгонбу?. Эми минтип эл башы болом деп турган оппозициялык фракциясынын лидеринин итчилиги белгилүү болуп калды.
Сапар Исаков жаш болгону менен бир топ жооптуу кызматтарды татыктуу аркалап, маанилүү маселелердин өдөсүнүн чыккан кадр. Күчкө толуп турган Исаков өкмөттү катыра жетектеп, бир топ реформаларды ишке ашырууга, эл турмушун жакшыртууга бел байлап жатканы айтылууда. Ал эми тиги “лидер сөрөй” жашы элүүгө чамалап калса да өзүн жаш сезип, өсүп келе жаткан кадрларга бут тосуп, “кокус баарын кайратып жиберсе көмүскөдө калам” деген чочулоо менен күчүн маалыматтык чабуулдан чыгарууда. Бирок, ич күйдүлүк, ичи тардык оор кесепеттерди алып келерин, өз башына муш болорун унутпаса. Иштеймин деп жаткан Сапар Исаковго бут тоскон, Кыргызстандын өнүгүшүнө бут тоскон чыккынчылыкка барабар экенин эстен чыгарбасак.