Ага ылайык, дарыгерлердин консилиуму болгон.
“Исаковдон омуртка артериясынын симптому (синдром позвоночной артерии) табылган. Мында омуртка артериясы кысылып, мээдеги кан айлануу бузулат. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө”, — деп айтылат маалыматта.
Исаков бүгүн, 16-августта, түштөн кийин ооруканага жаткырылганы маалым болгон.
Мурдагы премьер-министр УКМКнын убактылуу тергөө абагында болчу.Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал “Коррупция” беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде “Бишкек ТЭЦин модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.
