Домой Саясат Сапар Исаков: «Чечим чыгарып бизди атып эле салгыла!»

Сапар Исаков: «Чечим чыгарып бизди атып эле салгыла!»

51
Аталган иш боюнча Инара Гилязетдинова судьялык кылууда.

“Урматтуу сотко төрайымдык кылуучу, өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн көрсөтмө берүүгө даярмын”, – деген Исаков сотко ЖЭБди модернизациялоодо кеткен чыгымдардын коэффициентин чыгарып эсептеген Хафизов менен жасалма документ жасаган Асановду да алып келүүнү, себеби, дал ошолордун айынан алар күнөөлөнүп жатканын айтып, “мени бир күндө алып келтирдиңер, ал эми Асанов менен Хафизовду бир айдан бери алып келе албай жатасыңар, бул укуктук башаламандык. Эми болсо Хафизов Кыргызстандан чыгып кеткен деп жатышат. Кандайча долбоордун адаптациясын жасап, андан соң долбоордук сметаны түзгөн адам сотко келбейт? Биздин каржылык зыян кандайча эсептелгенин билүүгө толук укугубуз бар. Ырас, алар келбей турган болсо, анда чечим чыгарып бизди атып салгыла!”, – деди Исаков.

Булак: «Багыт»