С. Исабеков Транзиттик бажы жол-жобосун жеңилдетүү долбоору боюнча көп тараптуу жолугушууга катышты
2023-жылдын 15-мартында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.С. Исабеков катышуусунда «Бир терезе» принцибин колдонуу менен «Чыгыш-Батыш» Транскаспий коридору боюнча транзиттик бажы жол-жобосун жеңилдетүү долбоору боюнча көп тараптуу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бирдиктүү транзиттик порталды түзүү аркылуу транзиттик системаны өркүндөтүү жана бажы администрацияларынын ортосунда маалымат алмашуу маселелери каралды.
Транзиттик маалыматтын электрондук маалымат алмашуусун уюштуруу, маалыматтык системаларды интеграциялоо алдын ала маалымат менен тез алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Транзиттик бажы жол-жобосун жөнөкөйлөтүү бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, көп тараптуу жолугушууга катышкан өлкөлөрдүн экспорттук жана транзиттик потенциалын жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Грузия, Кытай жана Түркиянын бажы органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Жолугушууга ошондой эле ДБУнун Башкы катчысы Кунио Микурия мырза жана Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов, Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык Экономикалык Комиссиясынын өкүлдөрү, Эл аралык автомобиль транспорту биримдигинин (IRU) жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында «Бирдиктүү терезе» пррнцибин колдонуу менен ««Чыгыш-Батыш» Транс-Каспий эл аралык орто коридору» темасында көп тараптуу жолугушуунун протоколуна кол коюлду.
Ошону менен бирге, аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.С. Исабеков менен ДБУнун Башкы катчысы Кунио Микурия мырзанын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда ДБУ менен КР Финансы министрлигине караштуу МБКнын өз ара пайдалуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде ДБУнун өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин катышуусунда региондук иш-чараларды өткөрүү талкууланды.