Домой Маданият Самаранын Кремлдеги концертине билеттер сатылып бүттү

Самаранын Кремлдеги концертине билеттер сатылып бүттү

277

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова октябрь айында Орусиянын мамлекеттик Кремль ак сарайында концерт коёт. Учурда ырчы концертке даярданып буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн чагы. Концертте Самара Каримова италиялык ырчы, аткаруучу Ин-Грид менен дуэт ырдайт. Буга чейин ал белгилүү кыргыз, өзбек ырчылары менен дуэт аткарып келген.

Самара Каримова чоң иш-чара тууралуу буларга токтолду.

«Москвага бат-баттан каттап жатам. Концерт бүткөнчө Орусияга байма-бай каттап турганга туура келет. Учурда сүйлөшүүлөр соңуна чыгып, келишимдерге кол коюлду. Ал эми симфониялык оркестрдин, шоу балеттин коштоосундагы даярдыктар октябрда башталат. Азыртадан эле толкунданып жатам. Москвага барсам мекендештерим, кыргыз ишкерлери чакырышып «Азаматсың, сени колдойбуз. Сенин шарапатың менен Кремль ак сарайынын ичин көрөт экенбиз буюрса. Билеттерди эстеликке сактап коёбуз, бул биз үчүн сыймык» дешти. Мындан тышкары, алар концертке ак калпак кийип барышарын айтышты. Орусиядагы жердештерибиздин максаты — маданиятыбыз менен таанылуу экен.

Ар тараптуу колдоо болуп жаткандыктан, биз дагы колубуздан келишинче аракеттенип жатабыз. Орусиянын концерт берүү деңгээли башкача болгондуктан ар бир мүнөт эсептелип жатат. Концерт күнү күйөрмандар саат 17:00дөн баштап залга кирип баштайт. Залдын ичи 6 миң кишиге ылайыктуу экен.

Буюрса Москвадагы концертимди элимдин колдоосу менен өткөрүп алсам, мен үчүн, элим үчүн сыймык болот деп ойлойм. Эң негизгиси элиме кичине да болсо пайдам тийсе экен деген тилектерим ишке ашып жатат», — дейт ал.

Кремль ак сарайында өтө турган концертке билеттин баасы 800 рублдан 10 миң рублга чейин. Мындай сумма көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгон, тагыраагы, интернет колдонуучулар билеттин баасы кымбат экенин айтышууда.

«Билет баасы 800 рублдан 10 миң рублга чейин. Мындай бааны «АРТ ПЛЮС» жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим аркылуу түздүк. Кремль ак сарайында концерт коюунун көп эрежелери, шарттары бар. Мындан улам ушул компания менен келишим түзгөнбүз. Негизи залдын эң артындагы орундар үчүн билет баасы 2 миң рублдан башталат экен. Биз алар менен сүйлөшүп, түшүндүрүп билеттин баасын арзандаттык. Учурда билеттер электрондук түрдө жана Кремль ак сарайынын кассасында дагы сатылууда.

Мени сүйүндүргөнү алдыңкы орундар үчүн билеттер сатылып, жокко эсе болуп калыптыр», — деп кошумчалады.

Булак: Супер