Домой Маданият Самара Каримовага Россиянын Мамлекеттик думасында сыйлык тапшырылды

Самара Каримовага Россиянын Мамлекеттик думасында сыйлык тапшырылды

214

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Россиянын Мамлекеттик думасынын депутатынын ыраазычылык баракчасына ээ болду. Сыйлыкты кечээ, 23-январда Мамдуманын депутаты Белеков Иван Итулович Самара Каримовага расмий түрдө тапшырды.

Бир нече ай мурун Өзбекстан өлкөсүнүн борбору Ташкент шаарында дүңгүрөтө концерт берген ырчы Москвадагы Кремлдин концерттик чоң залында дагы чоң программадагы концерт тартуулаган. Концертте акыркы үлгүдөгү техникалардын жардамы менен көрүүчүлөргө шоу тартууланып, Самара италиялык ырчы айым Ин-Грид (Ингрид Альберини) менен дуэт ырдаган. Ал эми Ташкентте өткөн коцертте ырчы айым 7 тилде чыгармаларды аткарган.

Сыйлык алган ырчы айым менен аймактык кабарчы маектешти.

— Саламатсызбы, сыйлыгыңыз кут болсун! Сыйлык тууралуу айта кетсеңиз.

— Саламатсыздарбы! Буга чейин мен Орусиянын борбору болгон Москва шаарындагы Кремль сарайында концерт бергем. Ошол концертке Россиянын Мамлекеттик думасынын эки депутаты күбө болгон. Алар менин чыгармачылыгыма абдан чоң баа берип кетишкен. Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында эс алып жүргөндө мени менен депутат Иван Белековдун жардамчысы байланышты. Алардын чакыруусу менен кечээ Москвага бардык.

— Сыйлык тапшыруу аземи кайсы жерде өттү?

— Сыйлыкты Мамлекеттик думанын жыйындар залында тапшырышты. Мени депутат Иван Белеков кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал эки өлкөнүн алакаларына токтолуп, маданият тармагындагы байланышты бекемдегениңиз үчүн деп алкыш айтты.

— Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын имаратына жөн адамдар чакырыла бербейт болушу керек …

— Албетте, мен ыраазычылык кат алганыма абдан сыймыктанып турам. Анткени улуу державанын депутатынын колунан ыраазычылык кат алуу — бул сыймык эле эмес, менин чыгармачылыгыма болгон чоң урмат болду. Эмгегим, чыгармачылыгым элге арналат. Менин ушундай ийгиликтерге жетишиме күйөрмандарым себепчи. Анан калса менин чыгармачылыгымды жогорку деңгээлде баалаган Россиянын депутаттарына ыраазычылык.

— Мамлекеттик думаны имараты бир топ тарыхый окуяларга бай. Жыйындар залында сыйлык алуу учурунда кандай сезимдер болду?

— Мамлекеттик думанын имаратына киргенде, албетте сүрдөйт экенсиң. Анткени дүйнөдөгү эң белгилүү өлкөнүн бизче айтканда Жогорку Кеңеши да. Имараты да абдан сүрдүү. Сыйлык алуу башкача эмоцияларды тартуулады. Депутат Иван Белеков сыйлыкты тапшырып жатып жылуу сөздөрүн айтты. Чыгармачылыгыма жогорку баа берди. Ошондой эле ал Россия менен Кыргызстандын ортосундагы алакаларды арттырууга кошкон салымымды белгиледи.

Быйыл эки өлкөнүн ортосунда маданий иш-чаралар көп болот экен. Россияда да маданий иш-чаралар көп өтөт. Ошол иш-чараларга да чакырды. Бул менин эмес, күйөрмандарымдын белеги деп ойлойм. Бул сыйлык мага чоң стимул болду. Кудай буюрса 2020-жылы чыгармачылыгымды дагы тереңдетип, муруңкуга караганда көп тилде чыгармаларды жаратам деген ойдомун.

Белеков Иван Итулович «Единая Россия» партиясынын атынан 2016-жылы Мамдуманын VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, евразиялык интеграциялар жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитетинин мүчөсү.

Булак: Турмуш