Домой Коом Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайдын мугалимдерине карата арыз жазды

Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайдын мугалимдерине карата арыз жазды

165

Ырчы Самара Каримованын арызынын негизинде Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын мугалимдери Ош шаардык милициясына суракка чакыртылды. 

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Самара Каримова тарабынан арыз жазылганын билдирди. Арыз Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 167-беренесинин (сот чечимин аткарбоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 14-январь күнү Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык орто окуу жайынын эмгек жамааты мекемеге ырчы Самара Каримованын директор болуп келгени боюнча нааразычылык жыйынын өткөрүшкөн.

Аталган окуу жайдын фортепиано бөлүмүнүн окутуучусу Максат Жумабаеванын айтымында, ырчы Самара Каримова таланттуу болгону менен жетекчи боло албайт. Ал 30 жашка чыгып, музыка мугалими адистиги, кесипкөйлүгү жок болуп туруп, сахнадан келип эле эмгек жамаатты башкара албайт. Жардам берем десе окуу жайга музыкалык аспаптарды алып берсе болот.

«Мен буга чейин Самаранын талантын, үнүн баалайт элем. Бирок бүгүн эртең менен күйөөсү Асан Мансуров менен биргеликте жаңы жетекчимин деген ой менен келип, апасы тең курактуу мугалимдерди да көзгө илбей, окуу жайга бастырып киргенине жүрөгүм ооруп турат. Бул кылыгы мугалимдердин баарынын нааразычылыгын жаратты.

Биздин окуу жайдын тарыхында канчалаган залкар, профессионалдар иштеп келди. Ар бир тармакты өзүнүн адиси жетектегени жакшы. Азыркы жетекчибиз биздин окуу жайга келгенине 2 жыл болду. Жигердүү иштеп, бизге шарт түзүп берип жатат. Самара эртең менен жыйында отурсак иш бөлмөгө кирип келип, «буйругум бар» деп ордуна отуруп алганы туура эмес. Негизи буйрук чыкканы менен ага эртең, 15-январда кол коюлуп, кесиптештерине расмий тааныштырылат экен. Ал бүгүн эле келип, биздин нааразычылыгыбызды жаратты. Эгер ал келип иштесе, мугалимдер жамааты баарыбыз иш таштаганга даярбыз. Мен өзүмө жооп берейин, 1 мүнөт да турбай иштен кетем», — деген Жумабаева.

Бул мекемеде 20 жылдан ашык мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан Гүлжамал Ташматова да окуу жайдагы жумуш үзгүлтүккө учурап жатканын айткан.

«Биздин музыка жаатында, чыгармачылык системада, жумушка алганда биринчи дипломуңду карайт. Бүт документтерди көрөт. Ар бир кызматкер окуп келген билими боюнча иштеп отуруп, анан жетекчиликке барыш керек. Бул ырчы мурда да келген. Дагы ушул маселе. «Директор алмашат» дегенден бери бизде маанай жок. Ишибиз үзгүлтүккө учурап жатат. Өзү маданият үйүн ачып, адистерди алып иштей берсе деле болот да. Самара Каримова учурда Жалал-Абадда маданият технукумунда 3-курста окуп жатыптыр. Буга чейин орто окуу жайлардан эсепчи (бугалтериялык кесип) адистигин аяктаптыр. Ал бул окуу жайга келгенден көрө сахнадан сулуу айым болуп жүрө берсин. Ар ким өзүнө ылайыктуу иш кылышы керек», — деген Ташматова.

Окуу жайдын жалпы жамааты телефон аркылуу маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков менен байланышып, абалды түшүндүрүп, жаңы дайындалган жетекчинин иш баштоосуна каршы экенин айтышты. Министр жаңы жетекчи буйрукка 15-январь күнү кол коюлгандан кийин расмий тааныштырыларын айтып, Самара Каримованын 14-январда барып алганы туура эмес экенин айткан.

Самара Каримова журналисттерге жооп берип жатып, ал соттон мыйзамдуу утуп чыкканын билдирген.

«2018-жылы мен бул окуу жайга директор болуп дайындалгам. Бирок эртеси эле менин арызымсыз иштен бошотуп коюшкан. Мен өз укугумдуу мыйзамдуу талаада коргоп, соттон утуп чыктым», — деген ал.

15-январда маданият министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов Самара Каримованы жамаатка тааныштырып, директорлук орунга отургузуу үчүн окуу жайдын жамаатын чогулткан. Бирок анда иштеген мугалимдер Каримованын бул тармакта билими жок экенин, ал болгону эстрада ырчысы экенин, Моцарт, Бетховен сыяктуу дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын жөндөп бере албастыгын айтып чыгышкан. Статс-катчы Бакытбек Секимов Маданият министрлиги аргументтерди тактап алып туруп, апелляциялык тартипте экинчи инстанцияга даттануу болорун, ага чейин Самара Каримова директор болуп иштеп турушу керектигин билдирген. Деген менен мугалимдер тарабынан Самара Каримованын музыкалык билими барбы деген суроосуна Бакытбек Секемов директор болушу үчүн билими боюнча критерий жок экенин ырастаган болчу.

Ырчы Самара Каримова болсо өзүнүн амбициясынан баш тартпастыгын белгилеп, директорлук кызматты аркалап кете аларын айткан.

«Өлкөбүздө мыйзам бар экен. Мен кызматымды сот аркылуу калыбына келтирдим. Мен ушун соттон утуп келип, кайра амбициямдан артка кайтып кетпейм. Эгер андай болсо Кыргызстанда ушундай боло бербейт беле. Кайрадан кызматты калыбына келтирген жетекчилерден биринчиси мен эмесмин. Менден мурун да болгон, менден кийин да болсо керек. Бул жерде менин атактуулугум да болуп жатат. Ошондуктан да каршы болгондор болуп жатат», — деген Каримова.

Самара Каримова 2018-жылы аталган окуу жайга министрликтин буйругу менен директор болуп барып, бул кызматты 1 күн аркалаган. Бирок кийинчерээк мурунку министр Азамат Жаманкулов статс-катчысы Каримованы директорлук кызматка мыйзам бузуу менен дайындаганын, андыктан ал чечим жокко чыгарылганын билдирген болчу. Андан кийин ырчы 1-Май райондук сотуна кайрылып, сот Самара Каримованы жумуштан алуу боюнча министрликтин буйругун жокко чыгарып, калыбына келтирүү боюнча өкүм чыгарган. Соттун чечимин негиз кылып, министр Нуржигит Кадырбеков 14-январь күнү аны кызматка кайрадан дайындоо боюнча буйрук чыгарган.

булак: turmush.kg