Аламүдүн аймагына караштуу 262 гектар жерди мыйзамсыз сатты делген экс-депутат Самаков, азыркы депутат, мурунку премьер-министр Чудинов, мурунку вице-премьер министр Айдаралиевдердин Октябрь районундагы соту буга чейин Чубактын кунундай созулуп келсе, эми этегине жакындап баратат көрүнөт. Кечээ күнкү сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Карганбек Самаковдун мүлкүн конфискациялап, класстык чиндеринен ажыратуу менен 19 жыл күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратууну, ал эми Чудинов менен Айдаралиевге да ушундай талаптарды коюп, бирок жаза мөөнөтүн 11жылдан сурады. Мындан тышкары, качкын президент Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиевди 18 жылга, Арстанбек Ногоевди 11 жылга эркинен ажыратууну да кошту. Бул кылмыш ишине байланыштуу Аликбай Сариев, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов жана Самаковдун жардамчысы Абай Таштанбековдорду да 18 жылга кесүү талабы айтылды. Айыптоочулар кийинки сот отурумунда сөз сүйлөшөт. Бирок райондук сот бүткөн күнү деле, облустук сот, анан Жогорку сот деген узак жол бар, ошону менен бул иш дагы далайга узарары турган иш. Негизи прокурор бул жерден Самаковго жаза мөөнөтүн көп сураптыр. Ал эми ошол кезде өкмөт башчы болуп, бул мыйзамсыз ишке өкмөт токтомун чыгарып берген Чудиновго болгону 11 жыл сурады. Логика кайда?