Домой Коом Салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттендирилди

Салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттендирилди

22

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын май айынан тартып бардык салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экендигин маалымдайт.

Ведомствонун маалыматына ыдайык, эсеп-фактураны колдонуу боюнча жаңы талаптар КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги токтому менен киргизилген.

Эми бардык салык төлөөчүлөр Салык кызматынын маалыматтык системасында катталып, электрондук эсеп-фактураны тариздеши керек.

Бул талаптар контролдук-кассалык машинаны (ККМ) колдонуу менен иш жүргүзгөн жана патенттин негизинде салык төлөгөн же бирдиктүү салыктын негизинде нөлдүк ставканы колдонгон салык төлөөчүлөргө (жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаган) тиешелүү эмес.